Нигериянын түндүк чыгышынан качкан кишилердин 79 пайызы балдар менен аялдар

БУУнун Качкындар жогорку комиссарлыгынын Нигериядагы өкүлү Хосе Антонио : "200 миң киши коңшу өлкөлөр Камерун, Чад жана Нигерге көчүштү»,- деди.

1084807
Нигериянын түндүк чыгышынан качкан кишилердин 79 пайызы балдар менен аялдар

Нигериянын түндүк чыгышында болгон террордук кол салуулардан улам жерлеринен качкан кишилердин 79 пайызын аялдар менен балдардын түзгөндүгү белгиленди.

БУУнун Качкындар жогорку комиссарлыгынын Нигериядагы өкүлү Хосе Антонио борбор шаар Абужада өткөн «Жерлеринен кеткен кишилер, Жарандык Коом Уюмдары жана медиа» аттуу конференцияга катышты. Антонио Боко Харам террордук уюмунун өлкөнүн түндүк чыгышында жасалган кол салууларынан улам миңдеген кишинин аймактан чыккандыгын белгиледи.

Антонио 2009 -жылдан бери өлкөдө 2 миллионго жакын кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондугун айтып : «Бул сандын 79 пайызы аялдар менен балдар. 200 миң киши коңшу өлкөлөр Камерун, Чад жана Нигерге көчүштү»,- деди.

Адамава, Борно жана Йобе аймактарында жашаган жерлеринен кеткен кишилердин жардамга муктаж экендигин баса белгилеген Антонио Боко харамдын бул аймактарда жасаган кол салууларынын гуманитардык жардамдардын берилишине тоскоол болгондугуна көңүлдөрдү бурду. Антонио аймактарда жетерсиз тамактануу жана таза суу муктаждыгынын камсыз кылынбашы менен жугуштуу оорулардын барган сайын күчөп бараткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар