АКШга карай жолго чыккан качкын конвоюу жолдун жарымына келди

Трамп Гватемала, Сальвадор жана Гондураска жардамдарды токтотуу менен коркутууда болгон.

1081989
АКШга карай жолго чыккан качкын конвоюу  жолдун жарымына келди

Борбордук Америка өлкөлөрүнөн АКШга карай келе жаткан миңдеген кишиден турган качкын конвоюндагы биринчи группа Мексиканын борбор шаары Мексикого барды.

Мексика аркылуу  АКШга барууга аракет кылган миңдеген качкындан 450гө жакыны борбор шаар Мексикодо убактылуу баш калкалоочу жерлер курулган бир стадионго жайгаштырылды.

Мексико башкаруусу качкындар үчүн азык  - түлүк жана суу жардам берилгендигин билдирди. Гондурас, Гватемала жана Сальвадордон зулумчулук жана жакырдыктан качкан жана 7 миң кишиден ашуун экендиги белгиленген конвой жолун бир канча жума мурда Гондурастан баштаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн жумада берген маалыматында качкын конвоюнун АКШга киришине уруксат беришпей тургандарын белгилеген ; Мексика чек арасына 10 – 15 миң аскер жиберишерин айткан. Таш менен курал арасында «айырмачылыктын» болбогондугун айткан Трамп коопсуздук күчтөрүнө качкындар ыргыта турган ташты курал катары көрүшөрүн, мындай абалда ок атуу менен жооп берилерин белгилеген.

Трамп өзгөчө Гватемала, Сальвадор жана Гондураска жардамдарды токтотуу менен коркутууда болгон.



Тектеш кабарлар