Индияда чочко тумоосу

Индиянын Махараштра провинциясында чочко тумоосунан 302 киши каза тапты.

1079774
Индияда чочко тумоосу

Индиянын Махараштра провинциясында январь айынан бери чочко тумоосунан 302 киши каза болду.

Индия басма сөзүндө орун алган кабарларда Махараштра провинциясында ошол эле убакыттын ичинде 2 миң 375 кишинин вирустан таасирленгендиги, чочко тумоосу аныкталган 325 кишинин дарыланып жаткандыгы билдирилди.

Жалпы өлкөдө бул жылы 7 миңге жакын кишиге чочко тумоосу диагнозу коюлуп, эпидемия эң көп Махараштра, Ражастан жана Гужерат провинцияларында чыкты. Өткөн жылы провинцияда 778 киши чочко тумоосунан каза болду.

 



Тектеш кабарлар