Францияда кар жаашы күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө

Францияда катуу кар жаашы менен 1400гө жакын киши жолдо калды.

1078384
Францияда кар жаашы  күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө

 

Өлкөнүн түштүгүндөгү Haute – Loire губернаторлугунан берилген маалыматта катуу кар жаашы менен RN88 жолунда  бара жаткан 800 унаанын жолдо калгандыгы жана унаалардагы 1000ге жакын кишинин жакын жердеги шаарлардагы спорт залдарга жайгаштырылгандыгы билдирилди. Кардын калыңдыгы кээ бир аймактарда 40 сантиметрге чейин жеткендиги билдирилди.

Ошол эле учурда Loire губернаторлугунун билдирүүсүндө да Лион жакындарындагы А 89 авто жолунун бир бөлүгүнүн транспортко жабылгандыгы жана эрте мененки сааттарда 400 кишинин жолдо калгандыгы билдирилди.

France Info болсо катуу борошо жана кардан улам жалпы Францияда 100 миң үйгө электрдин бериле албай жаткандыгын жарыялады.

«Corse Matin» гезити өлкөнүн түштүгүндөгү Корсика аралында кечээ кызыл белгинин берилишине себеп болгон Адриан катуу шамалынан улам бир кишинин оор жараланганыгын жана материалдык чыгымдын болгондугун жазды.

 



Тектеш кабарлар