2 - Дүйнөлүк согушунан калган 20 килограммдык бомба табылды
Болгария 1941 - жылы 13 - декабрда АКШ жана Британияга согуш ачкандан кийин оор абадан кол салууларга дуушар болгон.
1076477
Болгариянын борбор шаары Софияда казуу иштеринде 2 - Дүйнөлүк согушунан калган 20 килограммдык бомба табылды.
Коргоо министрлигинин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда борбор шаар Софиянын борборунда бир курулуш жеринде жасалган казууда 2 - Дүйнөлүк согушунан калган 20 килограммдык бомба табылды.
Учактан атылгандыгы болжолдолгон бомба Сливинца кургак жер күчтөрүнүн полигонуна алып барылды. Бомба адистердин байкоосунда жардырылды.
Болгария 1941 - жылы 13 - декабрда АКШ жана Британияга согуш ачкандан кийин оор абадан кол салууларга дуушар болгон.