Анак Кракатау жанар тоосунда кечээтен бери 232 жарылуу болду

Жер титирөө жана вулкандык муундагы Индонезияда аткивдүү 130 жанар тоо бар.

1075576
Анак Кракатау жанар тоосунда кечээтен бери 232 жарылуу болду

Индонезияда  Анак Кракатау жанар тоосунда кечээтен бери 232 жарылуу болду.

Индонезия метеорологиясы климат жана геофизика мекемеси BMKG Суматра менен Жава аралдарынын ортосунда орун алган жанар тоодо акыркы 24 саатта 232 жарылуунун болгондугун жарыялады.

Жанар тоодон атырылган күл жана туман массасынын 200 метрге чейин жеткендигин билдирген BMKG  жетекчилери кратерди курчаган 2 километрдик аянтка кирүүгө уруксаттын берилбегендигин маалымдады.

Анак Кракатау жанар тоосундагы кыймылдуулуктун күч алышы менен өткөн айдын акырында эң жогору экинчи деңгээлде  сигнал берилген.

Жер титирөө жана вулкандык муундагы Индонезияда аткивдүү 130 жанар тоо бар.



Тектеш кабарлар