Дүйнөдө Суук согуштун белгиси келе баштадыбы?

«Орто аралыкка Учуучу Атомдук Куралдар» келишими бузулуу астында турат.

1073350
Дүйнөдө Суук согуштун белгиси келе баштадыбы?

Дүйнөнүн тынчтыгына чоң салымы бар «Орто аралыкка Учуучу Атомдук Куралдар» келишими бузулуу астында турат.

1987-жылы Вашингтондо кол койулган келишим, АКШ менен Европа жана Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндөгү шериктештерин атомдук куралдардын кыйратуучу таасиринен коргоону  максат кылат.

Келишим; Орусия жана АКШнын учуу аралыгы 300 милден 3 миң 400 милге чейинки кургактыктан атылуучу ракета алуусуна, жасап чыгаруусуна жана сыноосуна тыюу салат.

Ал эми Вашингтон менен Кремлдин акыркы билдирүүлөрү дүйнөдө дагы бир жолу суук согуштун белгисин берүүдө. Американын президенти Трамп, Орусиянын келишимге баш ийбегенин себеп катары көрсөтүп келишимден баш тартаарын билдирди.

Кремлден келген билдирүүдө, Вашингтондон Трамптын келишимден баш тартуу планы тууралуу жооп күтүлөөрү маалымдалды.

Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, Трамптын келишимден баш тартуу чечимин "коркунучтуу кадам" катары сыпаттады. Вашингтон чечиминен баш тартпаса  Орусиянын бир катар алдын алуу иштерин жүргүзөөрүн маалымдады.


Этикеткалар: #Трамп , #АКШ , #Орусия

Тектеш кабарлар