Иранда коопсуздук күчтөрү качырылды

Ирандын Пакистан чек арасында 14 коопсуздук кызматкери качырылды.

1069738
Иранда коопсуздук күчтөрү качырылды

Ирандын Пакистан чек арасында 14 коопсуздук кызматкери качырылды.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү Систан жана Белужистан аймагына караштуу Миржаве шаарынын чек ара аймагында кызмат кылган он төрт коопсуздук кызматкеринин таңга жуук террордук группа тарабынан качырылгандыгын жарыялады. Качырылган кишилердин жетөөсүнүн Бесич куралдуу кишилер тобунан, бешөөсүнүн чек ара коргоочусу жана экөөсүнүн да Төңкөрүш Гаврдиясынын аскери  экендиги белгиленди.

Бир тараптан Систан жана Белужистан аймагында иш алып барган «Жейшуд Адл» аттуу уюм социалдык медиа эсебинен окуянын жоопкерчилигин моюнга алса,  ирандык жетекчилерден азырынча расмий билдирүү келе элек.

Иран «террордук уюм» деп жарыялаган «Жейшул Адл» өлкөдөгү «Белучтун суннит калкынын укуктарын коргогондугун» ортого салып, Тегеран башкаруусуна каршы куралдуу күрөштү жүргүзүүдө. Бул уюм өткөн жылы апрель айында 1 Иран аскерин качырган. Качырылган аскер  15 -  августта койо берилген.



Тектеш кабарлар