Индонезиядагы Сангеан Апи жанар тоосу күл сапыра баштады

Индонезиянын Суматра аралында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүдө 27 киши каза болду.

1069888
Индонезиядагы Сангеан Апи жанар тоосу күл сапыра баштады

Индонезиянын Суматра аралында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүдө 27 киши каза болду.

Аймак полициясы Ирсан Синухажи 3 күн мурда болгон сел жана жер көчкүдө 12 кишинин да куткарылгандыгын белгиледи. Каза болгондордун көпчүлүгүнүн аймактагы бир мектепте билим алган окуучулар экендиги белгиленди.

Аче провинциясында да катуу жааган жамгырдан 3 миң 500гө жакын кишинин жабыркагандыгы маалымдалды.

Бир тараптан жергиликтүү басма сөздөгү маалыматтарга караганда өлкөнүн түштүк чыгышындагы Сумбава аралындагы Сангеан Апи жанар тоосу күл сапыра баштады. Жанар тоодон атырылган күлдөрдүн бийиктигинин 2, 2 километрге жеткендиги билдирилди. Жетекчилер жанар тоодогу кыймылдуулуктун иликтенгендигин белгилешти.

Аралдын эң активдүү жанар тоолорунун бирөөсү болгон Сангеанг Апи акыркы жолу 2014 -  жылы аракетке өтүп, 3 миң километрдик аралыкка күл сапыруусу менен аймакта көп сандаган киши үйлөрүн бошотуп кетишкен.



Тектеш кабарлар