Кытай Орусиядан дагы коркунучтуу
Дональд Трамп, 2016-жылы өлкөсүндөгү президенттик шайлоолоруна Кытайдын кийлигишкенин айтып чыкты.
АКШнын президенти Дональд Трамп, 2016-жылы өлкөсүндөгү президенттик шайлоолоруна Кытайдын кийлигишкенин айтып чыкты.
Американын СВS каналына маек куруп берген Трамп, Кытайдын Орусиядан дагы коркунучтуу экенине ишенгенин белгилеп, «Менимче Кытай дагы шайлоолорго кийлигишти. Ачык айтканда Кытайдын Орусиядан дагы чоң маселе болгонун ойлоодомун»,-деп айтты.
Орусиянын 2016-жылдагы шайлоолорго кийлигишип кийлигишпегени суроосуна жооп берген АКШнын президенти, «Шайлоолордо мага жардам бериши үчүн Орусияга чакырык салганымды чындап эле ойлоп жатасызбы? Мага жардам бере алышмак эмес ансыз деле. Орусияны чакыруубу? Бул сандырактык»,-деп айтты.
АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон, өлкөсү үчүн 21-кылымдын эң чоң маселесинин Кытай экенин жактаган.
Жума күнкү жарыясында Болтон, буга себеп катары Кытайдын «эл аралык принциптерди бузуп жатып экономикалык жана аскердик күч кура алганынын» көрсөткөн.