Иракта таза, ичүүгө боло турган суу кризиси

Ирактагы ичүүчү суунун булганышы менен ууланган киши саны 111ге жетти.

1069185
Иракта таза, ичүүгө боло турган суу кризиси

Ирактагы ичүүчү суунун булганышы менен ууланган киши саны 111ге жетти.

Ирак адам укуктары комиссарлыгынын Басра офисинин жетекчилери түштүктөгү Басра шаарында  мектептердин ачылышы менен көп сандаган окуучу да таасирленген уулануу окуяларынын болгондугун белгилеп борбордук жана жергиликтүү өкмөттү бул тууралуу олуттуу кадамдарды таштоого чакырды.

Маалыматта бул кризистин айлардан бери болуп келе жаткандыгына карабастан маселенин чечиле албагандыгына көңүл бурулду.

Саламаттык сактоо министрлиги болсо уулануу окуяларында өткөн айга караганда чоң өлчөмдө азаюнун болгондугун билдирди.

Өлкө нефтисинин 80 пайызга жакыны чыгарылган Басра шаарында 8 -  июлдан  7 -  сентябрга чейин чоң митинг жана андан кийин болгон күч колдонуу окуяларына күбө болду.. Басра калкы оболу электр үзгүлтүгү жана жумушсуздук үчүн митингге чыгып андан кийин бул себептерге ичүүгө боло турган суу кризиси кошулду.

Басрада 2 айга жакын убакытка созулган митингдерде 30дан ашуун митингчи каза болуп, 700дөн ашуун киши жараланды.



Тектеш кабарлар