Йеменде ачкачылык
Йемен акыркы 100 жылдын эң чоң ачкачылык апааты менен бетме - бет.
1069197
Йемен акыркы 100 жылдын эң чоң ачкачылык апааты менен бетме - бет.
БУУнун Йемен координатору Лиса Гранде өлкөдө алдыбыздагы айларда 12 – 13 миллион күнөөсүз жарандын ачкачылыктан өлүү коркунучу менен бетме - бет экендигин билдирди.
Гранде Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалициянын хусилердин текшерүүсү астындагы Худейде шаарына жасаган блокаданы акырына чыгарууга чакырды.
Йеменде легитимдүү башкарууга сокку урган хусилер 2014 - жылы сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган. Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 - жылдын март айынан бери Йемен өкмөтүн колдоп жатат.