Франциядагы табигый кырсык жан алды
Франциянын түштүгүндөгү Од аймагында нөшөрлөп жааган жамгырлар селге айланды.
Франциянын түштүгүндөгү Од аймагында нөшөрлөп жааган жамгырлар жана сел каптоолордун себебинен үч киши каза тапты.
Од губернаторлугунун жазуу түрүндөгү жарыясында жамгырлардын себебинен ушул убакка дейре Вильярдоннел шаарында бир, Виллегаилхенк шаарында болсо эки киши каза болгону аныкталды.
Жарыяга караганда аймактагы көп сандаган үй жана ишканада суунун деңгээли 1,5 метрдин үстүнө чыкты.
Анда, Од аймагында катуу шамал жана суу каптоолордун себебинен табийгый кырсык деңгээли түшүнүгүн берген кызыл тревога берилгени маалым болду. Аймакта билим берүүгө тыныгуу берилгени маалымдалган жарыяда, атуулдардан транспортко чыкпоолору жана үйлөрүндө калуулары талап кылынды.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.