Украина православ чиркөөсү
Украина православ чиркөөсүнүн көз карандысыздык талабына колдоо чечими чыгарылды.
Фенер рум патриархиясында үч күндөн бери болуп жаткан кеңешүү жыйынынан кийин Украина православ чиркөөсүнүн көз карандысыздык талабына колдоо чечими чыгарылды.
Фенер рум патриархиясынын өкүлү болгон журналисттерге маалымат берген Франциянын метрополити Эмануэль Украина православ чиркөөсүнүн көз карандысыздык талабын колдоо тууралуу мындан мурда да чыгарган чечимдерин кайталап, талапты туура деп тапкандарын айтты.
Метрополит Эмануэль Украина православ чиркөөсүнүн Орусиянын борбор шаары Москвадагы орус православ чиркөөсүнөн бөлүнүү жолундагы талабына байланыштуу чечиминин ушундайча такталгандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.