Эфиопияда Тынчтык министрлиги курулат
Эфиопия өлкөдөгү ар башка этникалык жана саясий топтордун арасындагы макулдашуунун түзүлүшү үчүн Тынчтык министрлигин куруу чечимин чыгарды.
Эфиопия өлкөдөгү ар башка этникалык жана саясий топтордун арасындагы макулдашуунун түзүлүшү үчүн Тынчтык министрлигин куруу чечимин чыгарды.
Эфиопия премьер - министрлигинин штаб начальниги Фицум Арега,министрлер кеңешинин өлкөдө тынчтык жана макулдашуунун түзүлүшүнө жардамчы болуу үчүн Тынчтык министрлиги деген ат менен жаңы бир министрликти куруу чечимин чыгаргандыгын жарыялады.
Кабинеттин 28 министрлик санын 20га түшүрүү чечимин чыгаргандыгын белгилеген Арега кээ бир министрликтердин бириктирилерин белгиледи.
Премьер - министр Абий Ахмеддин апрель айында кызматын башташы менен этникалык кагылышуулар күч алган өлкөдө ушул кезге чейин жүздөгөн киши каза болуп, 2018 - жылдын биринчи алты айында 1 миллион 400 миң киши жерлеринен кеткен.
Тектеш кабарлар
Конгодо сел: 10 адам каза болду
Басанкусу кыштагында 2 күндөн бери катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү.