Индонезияда Сопутан жанар тоосу аракетке өттү

Жанар тоонун 7 километрдик тегереги коркунучтуу аймак деп жарыяланды.

1063326
Индонезияда Сопутан жанар тоосу аракетке өттү

Индонезиянын Түндүк Сулавеси аймагында Сопутан жанар тоосундагы жарылуулар улантылууда.

Индонезия улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо өткөн жумада жер титирөө болгон аймакка 90 километр алыстыкта жайгашкан жана эки күн мурда аракетке өткөн Сопутан жанар тоосунун кечээ кайрадан жарылгандыгын билдирди.

Жанар тоонун 7 километрдик тегереги коркунучтуу аймак деп жарыяланды.

Аймак калкы жанар тоонун тегерегине жакындабоо жана маска колдонуу боюнча эскертилди.

Индонезиянын Сулавеси аралында 28 -  сентябрда болгон жер титирөө жана андан кийин келген цунамиде каза болгондордун саны 1571ге жеткендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар