Путин Түркия жөнүндө маалымат берди

Владимир Путин, Австриянын премьер-министри Себастьян Курз менен болгон жолугушуусунан кийин  өткөрүлгөн маалымат жыйынында Сириядагы абалга токтолду.

1062281
Путин Түркия жөнүндө маалымат берди

Орусиянын президенти Владимир Путин, Австриянын премьер-министри Себастьян Курз менен болгон жолугушуусунан кийин  өткөрүлгөн маалымат жыйынында Сириядагы абалга токтолду.

Айрыкча Түркия менен Орусиянын биргелешкен иш – аракетинен кийин аймакка туруктуулук орноп баштаганын баса белгиледи. Путин өз сөзүндө «Биз Түрк өнөктөштөрүбүз менен тилектештик негизде иш алып баруудабыз» деди. Ошондой эле ал Түркиянын сүйлөшүүлөргө олуттуу карап, меселелерди чечүүдөгү артыкчылыктарына токтолду. Андан соң Путин,  «Биз өзүбүзгө тиешелүү иштерди аткарып жатабыз жана пландалган алдыдагы иштерди биргеликте аткарууну уланта беребиз» деди.

Путин Түркия мамлекети менен бирге аткарган иштеринин эң алдыңкысы Идлибдеги абалды турукташтырган кадам болгондугун кошумчалады.

Ал эми Москва шаарында Энергетика жумалыгы форумуна катышкан Путин, сөз сүйөп жатып бул жактан да Идлиб макулдашуусу боюнча «Эң мыкты аткарылган иш» деп баа берди. Путин чет элдик күчтөрдүн Сириядан чегинүүсүн каалашкандыктарын белгиледи.

Андан тышкары Путин АКШнын экономикалык политикасын сынга алды. Долларга болгон ишеним азайганын айтып, «Менимче Америкалык өнөктөштөрүбүз стратегиялык чоң ката кетирип жатышат» деди.


Этикеткалар: #Путин , #Түркия

Тектеш кабарлар