Индия аракандык мусулмандарды өлкөдөн чыгарууда

Индия Жогорку соту Мьянмада зулумчулукка дуушар болуудан тынчсызданган 7 мусулмандын Индияда калуусун суранган уруксат талабын кабыл алган жок.

1062433
Индия аракандык мусулмандарды өлкөдөн чыгарууда

Индия Жогорку соту аракандык мусулмандарды Мьянмага жиберүүнү токтотууну четке какты. «HindustanTimesтын» кабарына караганда Жогорку сот коргоо адвокаты Прашант Бхушандын Мьянмада зулумчулукка дуушар болуудан тынчсызданган 7 мусулмандын Индияда калуусун суранган уруксат талабын кабыл алган жок.

Индияга мыйзам тышы жолдор менен кирүүдөн 2012 -  жылы камоого алынып, жазага тартылган аракандык 7 мусулмандын Жогорку соттун чечими боюнча Манипурдан Мьянмага жиберилиши күтүлүүдө.

Бхушан чечимден кийин Жогорку соттун мекенсиз кишилерди коргоого алуу жоопкерчилигинин бар экендигин айты.

БУУнун расизм боюнча атайын баяндамачысы Тендайи Ачиуме да Индия өкмөтүнүн аракандык мусулмандарды өлкөдөн чыгаруу планынын эл аралык укуктун бузулушу деген мааниге келиши мүмкүн экендигин айтты.

Индиянын Ассам провинциясында камоого алуу борборлорунда аркандык 32 мусулмандын бар экендиги белгиленүүдө.

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгы Ассамдагы аракандык мусулман көчмөндөр менен жолугушуу үчүн уруксат суранган бирок бул талап кабыл алынган эмес.

БУУнун билдиргенине караганда 2017 -  жылдын 25 -  августунан кийин Аракандан качып Бангладешке баш калкалагандардын саны 700 миңден ашты. Эл аралык адам укуктары мекемелери жарыялаган спутник көрүнүштөрү менен жүздөгөн айылдын жок кылынгандыгын далилдеди.

БУУ жана эл аралык адам укуктары уюмдары аракандык мусулмандарга карата Мьянма армиясы жана фанатик будисттердин күчүн «этникалык тазалоо» же «геноцид» деп атоодо.



Тектеш кабарлар