39 жыл кечиккен чечим

АКШ Иран менен түзүлгөн келишимин жойду.

1062286
39 жыл кечиккен чечим

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран менен 1955 -  жылы түзүлгөн «Достук, экономикалык карым  - катнаштар жана консулдук укук» келишиминин жоюлгандыгын билдирди. Помпео министрликте өткөргөн басма сөз брифингинде Иран менен түзүлгөн бул келишимдин  жоюлушуна байланыштуу маалымат берди.

Майк Помпео : «АКШнын Иран менен 1955 – жылы  түзгөн «Достук, экономикалык карым  - катнаштар жана консулдук укук» келишимин жойгондугун билдирем. Бул ачыкча айтканда 39 жыл кечиккен чечим»,- деди.

Помпеонун билдирүүсүнөн бир канча саат мурда БУУнун Эл аралык соту АКШдан Иранга каршы гуманитардык жардам жана продукциялардын импортуна таасир берген кээ бир санкцияларды жоюшун суранган.

Иран болсо теңкөрүштөн мурда кол коюлган жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана дипломатиялык байланыштрады жөнгө салган, колдогон келишим болгон «Достук, экономикалык карым  - катнаштар жана консулдук укук» келишими боюнча кээ кээде АКШны Эл аралык сотко алып барган жана арыздарын билдирген.

 



Тектеш кабарлар