Орусиянын С-300 системасы Сирияга жайгаштырылды
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу,Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин жетекчилигинде өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйналышында орус аскерлеринин Сириядагы коопсуздугун арттырыш үчүн көрүлгөн чараларды жарыялады.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Сирияга С-300 абадан коргонуу ракеталык системасынын тапшырылганын билдирди.
Шойгу, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин жетекчилигинде өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйналышында орус аскерлеринин Сириядагы коопсуздугун арттырыш үчүн көрүлгөн чараларды жарыялады.
Сирияга С-300 абадан коргонуу ракеталык системасынын тапшырылганын маалымдаган Шойгу: «С-300дөрдүн тапшырылышын ишке ашырдык. Муну менен катар 49 башка аскердик техникалык аппарат да тапшырылды»,-деп айтты.
Өткөн айда Жер Ортолук деңизде Сирияда чалгындоо учуусун кылган жана 15 аскерди ташып бараткан Орусиянын Ил-20 учагы Сириянын ракеталары тарабынан атылып түшүрүлгөн.
Орусия, окуя тууралуу Израилдин аба күчтөрүн күнөөлөп, Сириядагы орус аскерлеринин коопсуздугун артыруу үчүн режимге мындан мурда тапшыруудан баш тарткан С-300 абадан коргонуу системасын бере турганын жарыялаган.