Иранда жаратылыш газ түтүк жолунда жарылуу болду

Ирандын түштүк батышындагы Хузистан аймагында жаратылыш газ түтүк жолунда жарылуу болду.

1060592
Иранда жаратылыш газ түтүк жолунда жарылуу болду

Ирандын түштүк батышындагы Хузистан аймагында жаратылыш газ түтүк жолунда жарылуу болду.

Мамлекеттик телекөрсөтүнүн кабарына караганда Хузистан Кризисти Башкаруу башкармалыгынын башкы директору Кийумерс Хажызаде Баг Мелик районунун жакындарында Хузистан  - Исфахан жаратылыш газ түтүк жолунда жарылуунун болгондугун жарыялады.

Хажызаде жарылуудан кийин коопсуздук үчүн тегеректеги отурукташуу жерлеринин эвакуациялангандыгын белгиледи. Жарылуунун түтүк жолундагы газдын кысылышынан чыккандыгын айткан Хажызаде окуя тууралуу иликтөөнүн улантылып жаткандыгын билдирди.

Хузистан аймагына караштуу Ахвазда 22  - сентябрда Иран  - Ирак согушунун 38 -  жылдыгына карата өткөрүлгөн аскердик парадда 25 киши каза болуп, 69 киши жараланган террордук кол салуу болгон.



Тектеш кабарлар