Кытай менен АКШ бул айда өткөрүүнү пландаган коопсуздук саммити өткөрүлбөйт

АКШ менен Кытайдын ортосунда улантылып жаткан соода согуштары, дипломатиялык карым – катнаштарга да таасирин тийгизүүдө.

1060022
Кытай менен АКШ бул айда өткөрүүнү пландаган коопсуздук саммити өткөрүлбөйт

АКШ менен Кытайдын ортосунда улантылып жаткан соода согуштары, дипломатиялык карым – катнаштарга да таасирин тийгизүүдө.

Борбору АКШ болгон «New York Times» гезитинде орун алган кабарга караганда АКШдан жогорку мартабалуу бир жетекчи Пекиндин бул айда АКШнын коргоо министри Жим Маттис менен өткөрүлө турган коопсуздук саммитин жойгондугун билдирди.

Жоюу чечими АКШнын Кытайга карата салык салуу жана акыркы болуп Кытай деңизинин үстүндөгү аскердик учуулардан кийин чыгарылды. Бирок эки тараптан тең жоюлуу себебине карата расмий билдирүү келген жок.

Жоюлган коопсуздук саммитинин башка бир күнү өткөрүлүп же өткөрүлбөй тургандыгы болсо белгисиз. Шаршемби күнү өткөрүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны учурунда АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды өлкөсүндөгү Конгресс шайлоосуна кийлигишүү менен күнөөлөгөн, Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи күнөөлөөнү четке каккан.

Жума күнү өткөргөн пресс  - жыйынында Ванг Пекин жана Вашингтондун ортосунда жогорулаган чыңалуунун дүрбөлөңгө жол ачпашы керектигин бирок Кытайдын сантаждарга моюн сунбай тургандыгын айткан.



Тектеш кабарлар