Нидерландияда террордук кол салууга даярданган 7 киши камоого алынды

Негизги шектүүнүн 24 жаштагы жана Ирак тектүү экендиги билдирилди.

1058637
Нидерландияда террордук кол салууга даярданган 7 киши камоого алынды

Нидерландияда абдан чоң кол салууга даярданып жаткандыгы аныкталган 7 киши камоого алынды. Бул кишилердин бомба жана курал алып жүргөндөрү жана өлкөдө  көп сандаган кишинин каза болушу мүмкүн болгон чоң бир кол салуу үчүн даярдангандары билдирилди.

21 – 34  жаштардын арасындагы шектүүлөр Арнем жана Вирт шаарларында кармалды. Шектүүлөрдүн үчөөсүнүн мындан мурда өлкө тышындагы чет элдик террористтерге кошулууга аракет кылуудан камоого алынгандыгы билдирилди. Негизги шектүүнүн 24 жаштагы жана Ирак тектүү экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар