Сириянын Идлиб жана Хама облустары бомбаланууда

Согуштук учактар жана тик учактардын абадан кол салуулары тыйыла элек.

1046743
Сириянын Идлиб жана Хама облустары бомбаланууда

Сирияда Башар Асад режими жана Орусиянын өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб жана ортоңку бөлүгүндөгү Хама облустарында абадан бомбалоолорунан 17 киши жаракат алды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Орусия жана Асад режимине таандык согуштук учактар менен режимдин тик учарлары эртең мененки сааттардан тарта Идлибдин түштүгүндөгү Хабит, Жерженаз, Хиш, Темена жана Хаманын Латамне аймактары абадан бомбаланууда.

Кол салууларда 17 жаран жаракат алды.

Бул кишилердин арасында Жереназ аймагында бир мектепке түшкөн бомбадан жаракат алган 2 бала да бар.

Жарандык коргонуу (Ак каскачандар) боюнча директору Мустафа Хаж Юсуф: «Эртең менентен бери болуп жаткан абадан кол салууларда көпчүлүгү аял жана балдардан турган 17 жаран жаракат алды»,-деди.

Оппозициячылдарга таандык учактарды байкоо үйүнүн жооптуу кызматкерлери, кол салуулар тууралуу социалдык медиа каражатынан бөлүшүүсүндө «Хмеймим аскердик базасынан учкан Орусияга таандык согуштук учактар жана Асад режиминин согуштук учактары менен тик учарлары, Хама жана Идлибдин түштүгүндөгү жарандарды жайгаштыруу жана оппозициячыллдардын фронт сызыктарын абадан бомбалады. Жерженаз аймагындагы мектепти Асад режимине караштуу согуштук учактар атты»,деп жазды.

Согуштук учактар жана тик учактардын абадан кол салуулары тыйыла элек.

Жарандык коргонуу булактарына караганда, бул айдын башынан баштап Идлибдин батышы, түштүк батышы жана Хаманын түндүгүнө карай  абадан жана кургактыктан кол салууларында 29 жаран каза тапты. Кеминде 71 киши жаракат алды.

Сөз болгон мөөнөттө Хаманын түндүгүнөн Кеферзита аймагында бир коргонуу борбору менен Хас айылындагы жер астындагы оорукана жана Хаманын элет жериндеги Латамне аймагында бир оорукана кол салуулардын себебинен жарактан чыкты.

Сириянын түндүк-батышында аскердик оппозициячылдар жана режимге каршы куралдуу топтордун көзөмөлүндөгү Идлиб жана чөйрөсүндөгү айрым аймактардын 2017-жылдын 4-5-май күндөрүндө Астана жыйналышында «чыңалууну азайтуу аймагы» деп жарыяланганына карабастан режим жана убак-убагы менен Орусия аймакка абадан кол салууларын улантууда.



Тектеш кабарлар