Конго Демократиялык Республикасында эбола эпидемиясы

Конго Демократиялык республикасында эбола эпидемиясынан улам каза болгондордун саны 59га жетти.

1046502
Конго Демократиялык Республикасында эбола эпидемиясы

Конго Демократиялык Республикасынан берилген маалыматка караганда июль айынын акырында Түндүк Киву аймагында башталган эпидемияда геморрагиялык безгек оорусуна чалдыккандардын саны 131ге жетип, булардан 100 кишиде эбола вирусунун бар экендиги такталды. Бул 100 кишиден бешөөсүнүн дагы каза болушу менен вирустан каза болгондордун саны 59га жетти. Ошол эле учурда 131 геморрагиялык безгек оорулуусунун арасында саналган бирок эбола вирусунан экендиги тактала элек 30 киши да каза болду.

Ошого окшогон белгилер менен каза болгон кишилерге тест жасоо мүмкүнчүлүгү болбогонуктан так өлүм себеби аныктала албай жатат.

Бир тараптан аймакта 8 -  августта башталган кампания менен 7 миң 409 кишиге эмдөө жасалды. Өлкөдөгү андан мурунку эбола эпидемиясы Эквадор аймагында чыккан.

Конго Демократиялык Республикасында 1976 -  жылы ортого чыккан эбола 2013 -  жылы декабрь айында Батыш Африкага жайылган.

Гинеде Либерия жана Сиерра Леонеде 2014 – 2017 -  жылдарда чыккан эпидемияда 30 миңге жакын кишиге эбола вирусу жугуп, 11 миңден ашуун киши каза болгон.



Тектеш кабарлар