Йеменде ондогон киши каза болду

Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жылы март айынан бери Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.

1046574
Йеменде ондогон киши каза болду

Йемендин батышындагы Худейде шаарында Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалициянын абадан кол салуулар менен өкмөт күчтөрү жүргүзгөн операцияларда хуси мүчөлөрүнөн ондогон киши каза болду жана жараланды.

Хусилерден бул тууралуу эч бир маалымат берилген жок. Худейде шаарында армия күчтөрү менн хусилердин ортосунда олуттуу кагылышуулар улантылып, Йемен армиясынын акыркы жумаларда алдыга карай жылгандыгы да белгиленүүдө.

Көптөгөн убакыттан бери саясий ыраатсыздык болгон Йеменде мыйзамдуу башкарууга сокку урган хусилер 2014 -  жылы сентябрдан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактарды кармап турат.

Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жылы март айынан бери Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар