Иракта өкмөттү куруу иштери

Коалиция өкөмтүн куруу үчүн депутат саны 177ге жетти.

1041987
Иракта өкмөттү куруу иштери

 Иракта  май айындагы шайлоонун жеңүүчүсү Муктеда ес  - Садр, премьер  - министр Хайдар ел  - Ибади, шиит лидерлерден Аммар ел  - Хеким, мурунку премьер  - министрлерден Ияд Аллави жана вице  - президент Усаме Нужейфи өкмөттү куруу иштеринин негизинде эң чоң парламент комиссиясын түздү.

Саясий партиялар жарыялаган маалыматта Саирун, Наср, Улуттук Хикмет, Ватаниййе, Чечим коалициясы менен бирге Ирак Түркмөн Фронту жана Керкүк арап депутаттары да ичинде болгон эң чоң коалициянын түзүлгөндүгү белгиленди. Маалыматта бул коалицияны куруу үчүн 166 депутаттын болушу керектиги билдирилди.

Керектүү сандан 11 киши ашыкча болгон 177 депутат катышкан эң чоң коалиция өкмөттү куруу үчүн жетерлик санды топтоду.



Тектеш кабарлар