Мария Захарова түрк жарандарына виза жеңилдиги тууралуу маалымат берди

Захарова жумалык пресс  - жыйынында түрк жарандарынын Орусия визасына карата маалымат берди.

1040409
Мария Захарова түрк жарандарына виза жеңилдиги тууралуу маалымат берди
turk pasaportu.jpg

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова түрк жарандарына карата виза жеңилдиги тууралуу сүйлөшүүлөрдүн күз айларында башталарын билдирди.

Захарова жумалык пресс  - жыйынында түрк жарандарынын Орусия визасына карата маалымат берди.

Орус жана түрк тышкы иштер министрлеринин өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин  белгилүү категориядагы түрк жарандары үчүн бири бирине карата саякаттардын жеңилдетилиши үчүн механизмдин түзүлүшү тууралуу келишимдин түзүлгөндүгүн эске салган Захарова : «Виза темалары тууралуу талкуулоо үчүн эң ылайыктуу платформа консулдук темаларда адистердин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү. Бул сүйлөшүүлөр күз айлары үчүн пландалууда»,- деди.

Бир канча убакыт мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Москвада өткөргөн жолугушуудан кийин : «Түрк жарандарына карата визадагы жеңилдиктер үчүн орток бир сүйлөшүү механизминин курулушу тууралуу Түркия менен келиштик. Эс алуудан кийин адистерибизге жолдомолор берилет. Кыска убакыттын ичинде бул тууралуу кабарлар менен сүйүнчүнү аласыздар»,- деген.  



Тектеш кабарлар