Трамп Кимге Корея согушун бүтүрүү убадасын бериптир

12 -июнда Сингапурда Түндүк Кореянын лидери Ким менен жолугушкан АКШнын президенти Трамптын Корея согушун мыйзамдуу түрдө акырына чыгара турган бир тынчтык келишимине кол коюга убада бергендиги ортого салынды.

1040226
Трамп Кимге Корея согушун бүтүрүү убадасын бериптир

АКШнын президенти Дональд Трамптын июнь айында Сингапурда өткөргөн саммитте Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга Корея согушун акырына чыгара турган келишимге дароо кол койорун айткандыгы ортого салынды.

Американын Vox маалымат сайтында Алекс Уорд жазган кабар АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда акыркы мезгилдердеги карым- катнаштарга байланыштуу маанилүү абалдарды күн тартибине алып келди. Кабарда 12 -июнда Сингапурда Түндүк Кореянын лидери Ким менен жолугушкан АКШнын президенти Трамптын Корея согушун мыйзамдуу түрдө акырына чыгара турган бир тынчтык келишимине кол коюга убада бергендиги белгиленди.

Бирок саммиттен кийин бул тынчтык келишимине кол койорун айткан Трамп убакыттын өткөндүгүнө карабастан убадасын орундаткан жок.

Кабарда Трамптын убадасын орундатпашы Пхеньян башкаруусунда көңүл калуучулук жараткандыгы жана ушул себептен атомдук куралсыздануу тууралуу Түндүк Кореянын каалоосуз мамиле кыла баштагандыгы белгиленди. Бул тууралуу Voxка маалымат берген АКШнын тышкы иштер министрлиги Түндүк Кореянын атомдук куралдарынан тазаланышы менен жарым аралда тынчтыкчыл бардык дипломатиялык аракеттерге АКШнын толугу менен ачык экендигин билдирди.

Ак үйдөн бул тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Трамп менен Ким 12 -июнда Сингапурда жолугушуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы тууралуу келишим түзүшкөн. Бирок кийинки жумаларда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатия атмосферасы бузулуп, АКШ тарабы Түндүк Кореяны атомдук программадан баш тартпоо менен күнөөлөгөн.

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосунда 1953 -жылы кол коюлган ок атышпоо менен согуш акырына чыккан болсо да бир тынчтык келишимине кол коюлбагандыктан согуштун техникалык жактан азыр да улантылып жаткандыгы кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар