Израиль аскерлери палестиналыктарды камоону улантууда

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 27 палестиналыкты камоого алды.

1039655
Израиль аскерлери палестиналыктарды камоону улантууда

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 27 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шериада түнү жасалган баскындарда камоого алынгандардын террор окуяларына аралашкандыктары айтылууда. Маалыматта камоого алынгандарды тергөөгө алуу үчүн тийиштүү мекемеге жиберилгендиги билдирилди.

Израил күчтөрү басылып алган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөрдө тинтүү жүргүзүп, түрдүү шылтактар менен палестиналытарды камоого алууда.

Палестина туткундар жамаатынын маалыматына караганда Израил абактарында 6 миңге жакын палестиналык бар.

 

 



Тектеш кабарлар