Майк Помпео япон жана түштүк кореялык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп бул жумада Түндүк Кореяга барышы күтүлгөн Помпеодон сапарын токтотушун сурангандыгын билдирген болчу.

1039027
Майк Помпео япон жана түштүк кореялык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео япон жана түштүк кореялык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп Түндүк Корея маселесин карап чыгышты.

Министрликтин катчысы Хизер Науэрт Помпеонун Япония жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Науэрт сүйлөшүүлөрүндө Корея жарым аралынын атомдук куралдардан тазаланышын карап чыгышкандарын белгилеген Помпеонун Япония жана түштүк кореялык кесиптештери менен Түндүк Корея менен түзүлгөн келишимдин кийинки кадамын сүйлөшкөндүгүн белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул жумада Түндүк Кореяга барышы күтүлгөн Помпеодон сапарын токтотушун сурангандыгын билдирген болчу.

Трамп расмий твиттер эсебинен берген маалыматта : «Мамлекеттик катчы Майк Помпеодон азыркы учурда Түндүк Кореяга барбашын сурандым. Себеби Корея жарым аралынын атомдук куралдардан тазалангандыгына байланыштуу жетеринче алдыга жылуу болбогондугун сезип жатам»,- деген.



Тектеш кабарлар