АКШда куралдуу кол салуу болду
Кол салгыч окуя болгон жерде жок кылынды.
1038021
АКШнын Флорида штатындагы көңүл ачуучу борбордо болгон куралдуу кол салуудан 4 киши каза тапты.
Жексонвилл шаарынын борборундагы видео оюн залына кечээ Түркия убактысы боюнча саат 21.15 чамаларында кирип барган кол салгыч ичиндеги адамдарга ок атты.
Штаттын полиция кызматы кол салуудан 4 кишинин каза тапканын, 11 кишинин да жаракат алгандыгын билдирди.
Кол салгычтын окуя болгон жерде жок кылынгандыгы белгиленди.
Кол салуунун себеби азырынча белгисиз.