Индонезияда каза болгондордун саны 555ке жетти

Термелүүлөрдөн улам 75 миңге жакын үй зыянгы учурап, 431 миң 436 киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

1036974
Индонезияда каза болгондордун саны 555ке жетти

Индонезиянын Ломбок аралында болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 555ке жетти.

Апаат чукул абалдарды башкаруу өлкөнүн чыгышындагы Ломбок аралындагы жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 555ке жеткендигин билдирди. Жер титирөөдө 7 миңден ашуун кишинин да жаралангандыгы белгиленди.

Термелүүлөрдөн улам 75 миңге жакын үй зыянгы учурап, 431 миң 436 киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Аралда 5 -  августта болгон  7 баллдык жер титирөөдөн кийин эки күн мурда 6, 3 жана 6, 9 баллдык эки жер титирөө дагы болгон.

Ломбок аралында 18 күндө миңден ашуун жер титирөөнүн болгондугу белгиленди.

Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери улантылып, каза болгондордун санынын артышынан тынчсыздануулар болуп жатат.

 



Тектеш кабарлар