АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореядагы атайын өкүлүн дайындады

АКШнын Түндүк Корея өкүлчүлүгүн аткарган Жосеф Юн март айында бул кызматтан кеткен.

1036912
АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореядагы атайын өкүлүн дайындады

АКШнын мамлкеттик катчысы Майк Помпео «Форд мотор» фирмасынын эл аралык карым  - катнаштар  боюнча жооптуусунун орун басары Стив Бегуиндин Трамптын Түндүк Корея атайын өкүлү катары дайындалгандыгын билдирди.

Мамлекеттик катчы Помпео Бегуин менен бирдикте АКШнын тышкы иштер министрлигинин имаратында маалымат берди.

Бегуиндин Трамптын Түндүк Корея саясатынын негизинде эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык карым  - катнаштар боюнча жооптуу болоруна көңүлдөрдү бурган Помпео бул ысымдын мындан мурда Конгрессте жана АКШнын мурунку президенти Ж. Буштун Улуттук коопсуздук тобунда жогорку кызматты аткарган. Мамлекеттик министр Помпео келерки жумада Бегуин менен бирдикте Түндүк Кореяга барарын билдирди.

АКШнын Түндүк Корея өкүлчүлүгүн аткарган Жосеф Юн март айында бул кызматтан кеткен.



Тектеш кабарлар