БУУнун коопсуздук кеңеши Газа тилкеси боюнча эскертти

БУУнун саясий иштер боюнча баш катчысынын орун басары Розмари Дикарло, БУУнун коопсуздук кеңешинде өткөрүлгөн Жакынкы Чыгыш сүйлөшүүлөрүндө баяндама жасады.

1036501
БУУнун коопсуздук кеңеши Газа тилкеси боюнча эскертти

БУУнун коопсуздук кеңеши Газа тилкесинде жаңы согуш башталып кетүү коркунучу бар экени менен эскертти.

БУУнун саясий иштер боюнча баш катчысынын орун басары Розмари Дикарло, БУУнун коопсуздук кеңешинде өткөрүлгөн Жакынкы Чыгыш сүйлөшүүлөрүндө баяндама жасады.

 Дикарло: «Газада жаңы согуш коркунучу бар жана адамзаттын абалы Израилдин аймакта ишке ашырган блокадаларынын себебинен барган сайын дагы начарлап баратат»,-деп айтты.

Аймакка гуманитардык жардам жеткирилиши жаатында эч бир саясий же коопсуздук шылтоосунун сунушталбашы керектигин белгилеген Розмари Дикарло: «Эл аралык комчулук Газадагы кризиске чечүүчү жол табууну издеп жатат. Биз да Израилдин басып алуусун жоюу  жана эки мамлекеттүү чечүүчү жол табуу багытында иш-аракеттерибизди улантуудабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар