Конгодо эбола эпидемиясы кайрадан чыкты

Дүйнөдө биринчи жолу 1976 -  жылы Конго демократиялык республикасында ортого чыккан эбола вирусу өлкө үчүн коркунуч туудурууну улантууда.

1034561
Конгодо эбола эпидемиясы кайрадан чыкты

Дүйнөдө биринчи жолу 1976 -  жылы Конго демократиялык республикасында ортого чыккан эбола вирусу өлкө үчүн коркунуч туудурууну улантууда.

Батыш Африкада Гине, Либерия жана Сиерра Леонада 2014 – 2017 –жылдардын арасында 11 миңден ашуун кишинин каза болушуна жол ачкан эбола эпидемиясы бул жылы Конго демократиялык республикасынын бири бирине 2 миң 500  километр алыстыктагы 2 аймакта кайрадан чыкты.

Конго демократиялык республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда өлкөнүн түндүк – батышындагы Эквадор аймагынын Бикоро шаарында май айында чыккан. Бул эпидемия менен 56 оорулуу катталган. Булардан эбола вирусу бар экендиги такталган 40 кишиден 19 киши каза болуп алардын ичинен экөөсү  саламаттык сактоо кызматкери болгон жана 21 киши айыкты.

Эпидемияда каза болгон 16 кишинин эбола болуп же болбогондугу аныктала алган жок. Эпидемияга каршы 3 миң 300 киши эмделди.

Эбола эпидемиясы Эквадор аймагында жоголгондон бир жума өтпөстөн өлкөнүн түндүк  - чыгышындагы Түндүк Киву аймагында ортого чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда бул эпидемияда жалпы 78 безгек оорулуусу аныкталды. Эбола экендиги такталган 51 орулуудан 17си каза болду. 27 кишинин да эболадан улам каза болгондугу болжолдолууда.

 

 



Тектеш кабарлар