Трамп CIAдеги ишенбеген адамдарынын ыйгарым укуктарын жоюп жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп, Борбордук чалгындоо кызматы CIAдин мурдагы директору Жон Бреннандын коопсуздук уруксатын жоюп таштады.

1033296
Трамп CIAдеги ишенбеген адамдарынын ыйгарым укуктарын жоюп жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Финляндиянын борбор калаасы Хельсинкиде болгон жолугушууну «чыккынчылык» деп мүнөздөгөн Борбордук чалгындоо кызматы CIAдин мурдагы директору Жон Бреннандын коопсуздук уруксатын жоюп таштады.

Трамптын Бреннандын уруксатынын жоюлушу тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында, «Өлкөмдүн белгилүү маалыматтарын сактоо үчүн күтүлбөгөн конституциялык жоопкерчилигим бар. Бүгүн бул жоопкерчилигимди орундатыш үчүн CIAдин мурдагы директорунун уруксатын жоюу чечимин чыгардым»,дегени орун алды.

Трамптын Федералдык териштирүү кеңсеси FBIдын мурдагы директору Жеймс Коми менен катар айрым мурдагы кызматкерлеринин дагы коопсуздук уруксаттарын жоюуну ойлогону белгиленди.

 CIAдин мурдагы директору Жон Бреннан болсо бул чечимге, «Трамптын чечими сөз эркиндигин кысымга алуу аракетинин бир бөлүгү»деген серебин салды.



Тектеш кабарлар