БУУнун Идлиб жана айланасы боюнча эскертүүсү

БУУнун Сирияга гуманитардык жардам боюнча координатору Панос Мумцис, жазуу түрүндөгү жарыясында Идлиб жана Халебде аптанын акырында жарандарды жана жарандык инфраструктураны бутага алган кол салууну айыптады.

1032522
БУУнун Идлиб жана айланасы боюнча эскертүүсү

БУУнун Сирияга гуманитардык жардам боюнча координатору Панос Мумцис, Сирияда Идлиб жана айланасында ыктымалдуу аскердик операциянын эң аз 3 миллион жарандын өмүрүн коркунучка сала турганы менен эскертти.

Панос Мумцис, жазуу түрүндөгү жарыясында Идлиб жана Халебде аптанын акырында жарандарды жана жарандык инфраструктураны бутага алган жана ошондой эле балдар менен аялдардан турган кеминде 116 киши каза тапкан «коркунучтуу» кол салууну айыптады.

Мумцис: «Идлиб жана айланасында Сириянын башка аймактарында болгондорго окшогон аскердик операция болсо, бир гана 3 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн коркунучка салып гана тим болбойт, өмүрдү сактап калган гуманитардык жардамдардын жеткирилишине да олуттуу таасир этет»,деген эскертүүсүн кылды.

Жарандардын эч кандай түрдө бутага алынбоосу керектигин баса белгилеген Мумцис, Сирияда бардык тараптарга жана тараптардын үстүндө таасири болгондорго «тынчтыкчыл түрдө чыныгы жана кеңири» чечүүчү жол табуу чакырыгын салды.

Панос Мумцис, мындан мурда Идлибде кагылышуулар уланган учурунда эң аз 2 миллион кишинин Түркия чек арасына карай багыт алганын белгилеп, мунун Түркияга оор жүк боло турганын айткан.



Тектеш кабарлар