Калифорниядагы өрттүн таасири...

АКШнын Калифорния штатын тилсиз жоо каптады.

1030531
Калифорниядагы өрттүн таасири...

АКШнын Калифорния штатынын түштүгүндө уланган токой өрттөрүнүн себебинен 21 миңден ашуун киши эвакуацияланды.

Тилсиз жоонун Orange County менен Lake Elsinore аймактарындагы имараттарга жайылып кетүү коркунучу бар.

Сан-Диего шаарынын түндүгүндөгү токой аянтында 77 чарчы километрдик аянтты жок кылган өрттү чыгарганы шеги менен шейшемби күнү кармалган Форест Клерк, сот алдына чыгарылды.

Жооптуу кызматкерлер Клерктин коңшулары менен ортосунда көп жылдардан бери уланган касташуусунун себебинен өрттү чыгарганын ортого салды.

Калифорния штатынын жалпысында таасирдүү болгон 18 өрттөн бири болгон жана 600дөн ашык өрт өчүргүч иштеп жаткан өрттүн кечээтен баштап 10 пайызын гана өчүрө алганы белгиленди.

Аймакта таасирдүү болгон абанын темперетурасынын ысыктыгы жана күчтүү шамал менен кургак куурайлар тилсиз жоонун жайылуусун жеңилдеткени божомолдонууда.



Тектеш кабарлар