Башар Асад менен ЙПГ/ПКК террор уюмунун кызматташуусу билинип калды

Түркия менен АКШнын ортосундагы ЙПГ/ПККнын Манбижден чыгарылышын көздөгөн макулдашуунун артынан террор уюму ЙПГ/ПККнын режим менен жакындашуусу күч алган.

1030529
Башар Асад менен ЙПГ/ПКК террор уюмунун кызматташуусу билинип калды

Сирияда жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК менен Башар Асад режиминин ортосунда аскердик кызматташтыктын алкагында орто эсеп менен 1300 ЙПГ/ПККга мүчө террорист, режимдин оппозицияга каршы ыктымалдуу операцияларына колдоо көрсөтүш үчүн Халебге өттү.

Түркия менен АКШнын ортосундагы ЙПГ/ПККнын Манбижден чыгарылышын көздөгөн макулдашуунун артынан террор уюму ЙПГ/ПККнын режим менен жакындашуусу күч алган.

Мындан мурда жолугушууларын күчтөнткөн тараптар, жолугушууларында аскердик өнөктөштүк, уюмдун басып алуусу астындагы тармактардын экономикалык эркиндиги, интеграциясы жана Түркияга каршы кызматташуу темаларын карап чыгышкан болчу.

Уюм, аскердик оппозициячылдарга каршы ыктымалдуу операцияларга кошулуу үчүн акыркы эки жумада режимдин көзөмөлүндөгү Халебге 1300дөй террористти жөнөттү. Ушул алкакта эң акыркы жолу 100 кишилик конвой бүгүн эртең менен Манбиж аркылуу Халебге барды.

Террористтер режим күчтөрүнө колдоо көрсөткөн Иранга таянган чет элдик террордук топтор менен бирге Халебдин батышынын элет жеринде оппозициянын көзөмөлүндөгү Хаййан, Анадан, Хурейтан, Урейме жана Маарат эл-Атик менен Дарет Иззе аймактарына баштай турган операцияга кошулат.

Ушундайча «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында Халебдин түндүк батышында орун алган Африн районун алдырып койгон ЙПГ/ПКК, райондун чек араларына кайрадан жайгашууну пландап жатат.

Террор уюму ЙПГ/ПККга жакын интернет барактары мындан мурдагы мезгилдерде уюмдун, режимдин Идлиб жана Халебдеги оппозициячылдарга каршы уюштура турган кол салууларына катыша тургандарын айтып чыккан.

Ушундайча террор уюму режимдин оппозициячылдарга кол салууларына колдоо көрсөтүп, режим жана Орусия менен болгон мамилелерин күчтөнтүүнү пландап жатат.

Картадагы өлчөмдөргө караганда Асад режими Сириянын жерлеринин 59 пайызын көзөмөлүнө алса террор уюму ЙПГ/ПКК болсо өлкөнүн 27,7 пайызын басып алган абалда.



Тектеш кабарлар