Израиль Газага дагы кол салды

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра, бул окуяны жазуу түрүндө жарыялады.

1028655
Израиль Газага дагы кол салды

Израилдин учактары түн оогондон кийин Газага кол салып, палестиналык эне менен ымыркай баласы шейит кетти, бир киши жаракат алды.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра, жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Газанын орто жеринде орун алган Ал-Жаферави аймагына кол салуусунан Инас Мухаммед Ихмаш (23) аттуу кош бойлуу аял менен 1,5 жаштагы баласы Беяндын шейит болгонун, жубайы Мухаммеддин болсо жаракат алганын маалымдады.

Кудра, кечээ кечтен бери болгон кол салууларда жаракат алган палестиналыктардын санынын 12ге жеткенин белгиледи.

Израиль армиясынан мындан мурда болгон жарыяда Газада 12 аймак абадан бомбаланган. Кечээ кечинде болгон бомбалоолордо бир палестиналык шейит болуп, 6 палестиналык жаракат алган.



Тектеш кабарлар