Японияда курал-жарак сакталган кампа табылды
1 миң 400 чакты курал жана 1 миң 200 кылыч чыгарылды.
1026941
Япониянын түштүгүндөгү башталгыч мектепте Экинчи дүйнөлүк согуштан калган курал-жарак кампасы табылды.
Бангкок Посттун кабарына караганда, Ниситокё шаарындагы Танаши атындагы башталгыч мектепте курулуш үчүн жүргүзүлгөн казуудан 1 миң 400 чакты курал жана 1 миң 200 кылыч чыгарылды.
Граната, ок-дары жана замбирек да сакталган кампанын бул жерге 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин көмүлгөн болушу мүмкүн экени белгиленди.