АКШнын Иранга киргизген санкциясынын биринчи бөлүмү бүгүн күчүнө кирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Азия сапарынан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1026449
АКШнын Иранга киргизген санкциясынын биринчи бөлүмү бүгүн күчүнө кирди

АКШнын Иранга карай эмбарго токтомунун биринчи бөлүмү бүгүн 6-августта күчүнө кирет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео,Иран менен Атомдук келишим түзүлгөнүнөн улам токтотушкан санкцияларды АКШ бүгүндөн тарта кайра процесске киргизе турганын жарыялады.

Помпео, Азия сапарынан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШ башкаруучулугугун Тегеран менен жолугушууга ачык экенине көңүл бурган Помпео, бул үчүн Тегерандын алгач саясатында чоң өзгөртүүлөрдү жасашы керектигин баса белгиледи.

Иран бийлигин «жаман актерлор» деп мүнөздөгөн Помпео, АКШнын президенти Дональд Трамптын ниетинин Ирандын «нормалдуу өлкө сыяктуу мамиле кылуусун камсыздоо» экенин айтты.

Ак үйдүн бүгүн Иранга карай процесске киргизиле турган санкциялар темасында маалымдоо жасай турганын айткан Помпео: «АКШ бул санкцияларын процесске киргизет. Булар Ирандын  жаман ниеттүү иштерине каршы аракеттерибиздин бир бөлүмү»,-деп айтты.

Эмбаргонун алкагында Ирандын АКШ доллары менен соода кылуусуна бөгөт коюлат, өлкөнүн эң чоң киреше булагы мунай зат соодасына сокку урулуп эле калбай, автомобилдердин кошумча тетик соодасы да чектелет.

Аты аталган эмбарголордон Иран менен соодасын уланткан үчүнчү өлкөлөр да таасир алат.

АКШнын президенти Дональд Трамп, май айында 2015-жылы 14-июлда Австриянын борбор шаары Венада Р5+1 (АКШ, Орусия, Кытай, Англия, Франция жана Германия) менен Ирандын ортосунда кол коюлган жана 2016-жылы 16-январда күчүнө кирген Кеңири биргелешкен иш-аракет планы (КБИП) деп аталган атомдук келишимден чыккандарын жана Иранга карай санкциялардын күчүнө кире турганын жарыялаган болчу.

Андан кийин АКШнын Казына департаменти Иранга карай алгачкы санкция пакетинин 6-августта, экинчи санкция пакетинин болсо 4-ноябрда процесске кире турганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар