Сириядагы кагылышуулардан көп сандаган адам жабыркады

Кол салуулардан карапайым тургундар набыт болду.

1025029
Сириядагы кагылышуулардан көп сандаган адам жабыркады

Сирияда өткөн айда көпчүлүгү Башар Асад режими тарабынан болуп 887 жаран өлтүрүлдү.

Сириянын адам укуктары уюму, Сирияда каза тапкандарга байланыштуу жарыялаган июль айынын отчетунда 887 тургундун набыт болгонун билдирди.

Отчетто Асад режиминин өткөн айда 684 жаранды өлтүргөндүгү маалымдалды.

Асад режимине абадан колдоо көрсөткөн орус күчтөрүнүн кол салууларында болсо өткөн айда 6 жарандын каза тапканы белгиленген отчетто, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын болсо 11 карапайым тургунду өлтүргөнү билдирилди.

Террордук уюм ДЕАШ 85 кишинин өмүрүн алса, ДЕАШка каршы эл аралык коалиция күчтөрүнүн кол салууларында болсо 10 адам көз жумду.

Ошондой эле бул уюм, арасында аялдар жана балдар да болгон 547 жарандын кыйноолордон каза тапканын маалымдады.

Отчетто 2018-жылдын башынан бери 693 жарандын кыйноолор менен өлтүрүлгөндүгү, булардын 675инин Асад режими тарабынан жасалгандыгы белгиленди.

Сириядагы согуш башталган 2011-жылдын март айынан 2018-жылдын август айына чейин 13 миң 692 карапайым тургундун кыйнап өлтүрүлгөндүгү да көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар