Кытай АКШнын талабын четке какты

Кытайдын АКШнын талаптарына каршы чыкканы билдирилди.

1025482
Кытай АКШнын талабын четке какты

Кытай, АКШнын Иран санкцияларынын алкагында «Тегерандан мунай сатып алууну токтотуу» талабын четке какты.

АКШлык жооптуу кызматкерлер, санкциялардын кайрадан күчүнө кирүүсүнөн улам ноябрь айынын башында Иран мунайынын сатылышын токтотуу үчүн дүйнөнүн төрт тарабындагы борбор шаарларга барып келишүүдө.

Трамп башкаруусу Иран мунайынын экспорттолушун 4-ноябрга чейин токтотууну каалаганын айтса, аналитиктердин көпчүлүгү бул максаттын ыктымалдуу эмес экенин ойлоп жатышат. 

Кытайдын болсо Ирандан мунай сатып алууну токтотуу темасында АКШнын талаптарына каршы чыкканы билдирилди.

Бирок сүйлөшүүлөр улангандыктан аты-жөнүн айтпаган жооптуу кызматкерлерге караганда Пекин Ирандын чийки мунайын сатып алуусун арттырбоо боюнча да макулдашты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн айтымына караганда, Энергетикалык булактар бюросу боюнча жооптуу мамлекеттик катчысы Фрэнсис Фэннон болсо санкцияларды талкуулоо үчүн өткөн күндөрдө Кытайга барып келди.



Тектеш кабарлар