Трамп Ким Чен Ынга ыраазычылыгын билдирди

1950-1953-жылдары болуп өткөн Корея согушунда курман болгон америкалык аскерлеринин сөөктөрүнүн калдыктарынын тапшырылышы жөнүндө Трамп өзүнүн твиттер баракчасына жазып чыкты.

1024833
Трамп Ким Чен Ынга ыраазычылыгын билдирди

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ынга Американын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлердин сөөктөрүнүн калдыктарынын кайтарылганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

1950-1953-жылдары болуп өткөн Корея согушунда курман болгон америкалык аскерлеринин сөөктөрүнүн калдыктарынын тапшырылышы жөнүндө Трамп өзүнүн твиттер баракчасына жазып чыкты.

Мындан тышкары Трамп Кореянын лидери Ким Чен Ынга: “Биздин курман болгон аскерлерибиздин сөөктөрүн жиберип, айткан сөзүңүздү аткарганыңыз үчүн сизге ыраазычылык. Жазган жагымдуу катыңыз үчүн дагы терең урматымды билдирем. Сиз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм” – деп жазган. 65 жылдан кийин өлкөсүнө кайтарылып жаткан аскерлердин сөөгүнүн калдыктары 27-июлда Түндүк Кореянын Вонсан шаарындагы Калма аэропортунан америкалык учак менен Түштүк Кореядагы Америкага тиешелүү «Осан» аба базасына жеткирилген.

Эске сала кетсек, 12-июнда эки лидер Сингапурда жолгушуу өткөргөн. Ал жыйында лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын уланышы үчүн макулдашууга кол коюшкан болчу.



Тектеш кабарлар