Индиядагы муссон жамгырлары

Өлкөдөгү муссон жамгырларынын себебинен июль айында өлкөнүн жалпысында 600гө жакын киши жабыркады.

1024562
Индиядагы муссон жамгырлары

Индиянын Уттар-Прадеш аймагына таасирин тийгизген катуу жамгырлардын себебинен каза тапкандардын саны 148ге жетти.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, жооптуу кызматкерлер июль айынын башынан бери Уттар-Прадештин ар кайсы аймактарында таасирдүү болуп жаткан катуу жамгырларга байланыштуу кырсыктардан 148 кишинин көз жумганын жана 122 кишинин жаракат алгандыгын белгилешти.

Көп сандаган имараттын дубалынын урап калышына, электр зымдарынын кулашына жана жолдордун суу астында калышына себепчи болгон нөшөрлөп жааган жамгырлардан 600дөн ашуун үй зыянга учурады.

Расмий органдардын билдирүүсүнө караганда, өлкөдөгү муссон жамгырларынын себебинен июль айында өлкөнүн жалпысында 600гө жакын киши каза болуп, 200дөн ашуун киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар