Кызыл деңизде машыгуу өтүп жатат

«Бүркүт жообу-2018» машыгуусуна 4 өлкөнүн деңиз күчтөрү катышууда.

1022982
Кызыл деңизде машыгуу өтүп жатат

Кызыл деңизде Египет, АКШ, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтери тарабынан биргелешкен аскердик машыгуу өтүп жатат.

Египеттин Куралдуу күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Египеттин Кызылдеңиздеги аймактык сууларында «Бүркүт жообу-2018» аттуу деңиз машыгуусунун уланганы жана машыгууга 4 өлкөнүн деңиз күчтөрүнүн катышып жатканы белгиленди.

Машыгуунун алкагында күндүзгү жана түнкү тактикалык согуштар, жарылуучу заттар менен миналарга каршы чара көрүүлөр, деңиздин астынан операциялар, издөө-куткаруу иштеринин жүрүп жатканы билдирилди.

АКШ менен Бириккен Араб Эмирликтеринин согуштук кемелери катышкан машыгуунун качан аяктары тууралуу маалымат берилген жок.

 



Тектеш кабарлар