Япониядагы ысыктын кесепети

Аба-ырайына байланыштуу апааттардан каза тапкандардын саны 300дөн ашты.

1022937
Япониядагы ысыктын кесепети

Японияда ушул айда туруксуз аба-ырайына байланыштуу апааттардан каза тапкандардын саны 300дөн ашты.

Өлкөдөгү расмий органдар, ушул айдын биринчи эки жумасында Япониянын батышына таасирин тийгизген жамгырлардын себебинен сел жана жер көчкү жүрүп,  222 кишинин көз жумганын билдиришти.

Дайынсыз 9 киши болсо дагы деле табыла элек.

Жооптуу кызматкерлер айрыкча абанын жулуулугу 40 градустан ашкан өлкөдө, июль айында 100гө жакын адамдын ысыктан жабыркаганын белгилешти.

Бир тараптан Kyodo агенттиги, 30-апрелден 29-июлга чейин таасирдүү болгон ысыктын себебинен 125 кишинин көз жумганын, 57 миң 500дөн ашуун кишинин да ооруканага түшкөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар