Вьетнамда аскердик учак кырсыкка учурады

Кырсыкта 2 учкуч каза тапты.

1021038
Вьетнамда  аскердик учак кырсыкка учурады

 Вьетнам армиясына таандык бир аскердик учактын машыгуу учурунда кырсыкка учурашы менен 2 учкуч каза тапты.

Су  - 22 моделиндеги учак борбор шаар Ханоинин 300  километр түштүгүндөгү  Нгхе Ан аймагында тоолуу аянтка түштү.

Сао Ванг аэропортунан учкандан кыска убакыттан кийин кырсыкка учураган учактагы учкуч жана жардамчы учкуч каза тапты.

Учактын кырсыкка учуроо себеби азырынча белгисиз болуп, окуяда өлкөдө жаап жаткан муссон жамгырларынын таасирдүү болушу мүмкүн экендиги болжолдолууда.

Өлкөдө 2016 -  жылы армияга таандык аскердик учактар кырсыкка учураган 4 кырсык болгон жана жалпы 14 киши каза болгон.

 



Тектеш кабарлар